Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернаторлугунан кетирүү үчүн кол топтоо башталды

Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернаторлугунан кетирүү үчүн кол топтоо башталды. Тийиштүү петиция Украина президентинин расмий сайтына 15-сентябрда чыгарылды. Петицияда: "Михаил Саакашвили 3 айдан ашык Одесса облусун жетектеп, өзүнүн убадаларынын бирин да аткарган жок",- деп айтылып, 3 айдын ичинде Одессанын тургундары позитивдүү өзгөрүүлөрдү көрө албаганы, коррупция менен күрөшүү жана реформалар сөз жүзүндө гана калганы белгиленет. 
Петициянын автору Виктор Степаненко Саакашвилинин кадрдык саясаты суроо артынан суроо жаратып жатканын, бюрократия менен күрөшүү аракети куру жарнамага айланганын айтат. Документке учурда 140 адам кол койгону, Саакашвилини кызматтан кетирүү үчүн 90 күндүн ичинде 25 миң адамдын колу керектиги жарыяланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан