Былтыркыга салыштырмалуу быйылкы жылдын январь-августунда ички дүң продукция 6,8 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, 8 айдын жыйынтыгындагы ИДПнын суммасы 250 миллиард сомду түздү. Ички дүң продукциянын өсүшү негизинен иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, соода жана курулуш тарабынан камсыздалганы, "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын өсүүсү 4,5 пайызды түзгөнүн билдирет мекеме.
"Былтыркы жылдын январь-августуна салыштырмалуу 8 айда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүргөн тармактардын үлүшү 1,7 пайызга жогорулап, 36,7 пайызды, ал эми кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү, тескерисинче, 0,5 пайызга кыскарып, 49,8 пайызды түздү",- деп айтылат маалыматта.