Эрлан Абдылдаев Евробиримдиктин өкүлү Петер Буриан менен жолугушту

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 16-сентябрда Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын мартында Евробиримдик институттарына жана Бельгияга жасаган иш сапарында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу жолдорун талкуулашты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Евробиримдиктин аймактык форматтагы кызматташтыгына өзгөчө басым жасалганы айтылат маалыматта. 
Эскерте кетсек, кыргыз жерине иш сапары менен келген Петер Буриан мамлекет жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан