Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов бүгүн, 16-сентябрда жолугушту. Жолугушууда талкууланган негизги тема - өлкөгө Түштүк-Чыгыш Азиядан туристтерди тартуу мүмкүнчүлүктөрү, Кыргызстан менен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкөлөрдүн туризм чөйрөсүндөгү кызматташуусун өнүктүрүү.
Анвар Юсупов Кыргызстандагы туроператорлордун атынан элчиликке быйыл жайында малайзиялык журналисттерге пресс-тур уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирип, малайзиялык журналисттер үчүн мындан ары да Кыргызстан менен жакындан таанышууга жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү Малайзиянын маалымат каражаттарында чагылдыруу өңдүү иш-чараларды уюштурууга өзүнүн жардамын сунуштады.
Юсупов бизнес коомчулугу Түштүк-Чыгыш Азиядан, анын ичинде Малайзиядан туристтер менен авиакаттамдарды түз кабыл алууга даяр экенин айтып, бирок муну өкмөттүк деңгээлде чечүү керектигин жана элчиликтен бул маселенин чечилишине кийлигишүүнү өтүндү.
Маалыматка таянсак, Анвар Юсупов ушул жылдын 21-23-октябрь күндөрү Сингапурда өтүүчү Туроператорлордун туристтик көргөзмөсүнө катышмакчы. Ал элчиликтен кыргызстандык жана малайзиялык туроператорлордун туристтерди тартуу боюнча сүйлөшүүлөрүн жана жолугушууларын уюштурууга жардамдашууну суранды.
Элчи Кылычбек Султанов туризм боюнча эки тараптуу
мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана кызматташууга даяр экенин, эки өлкө ортосунда түз аба байланышы тууралуу маселенин чечилиши боюнча
Малайзиянын Маданият жана туризм министрлиги менен жолугушууну уюштурууга
аракет кыларын билдирди. Ошондой эле ассоциация президентин мусулмандар
маданияты жана кол өнөрчүлүгү даңазаланып Малайзияда өтүүчү фестивалга активдүү катышууга чакырды. Фестиваль быйыл октябрь
айынын соңунда эки мамлекеттин элдерин жакындатуу максатында
Малайзиянын Путраджая шаарында өткөрүлөт.