Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 16-сентябрда Рустам Миннихановду Татарстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Урматтуу Рустам Нургалиевич, сизди 2015-жылдын 13-сентябрында өткөрүлгөн Татарстан Республикасынын Президентин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкендигиңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Добуш берүүнүн жыйынтыктары коомдогу сиздин кадыр-баркыңыздын, республиканын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө багытталган саясатыңыз кеңири колдоого ээ экенинин таасын далили болуп калды.
Кыргыз Республикасына жасаган сиздин сапарыңыздын жүрүшүндө Бишкекте өткөн жолугушуубузду жылуу эскерем. Ошондогу конструктивдүү пикир алмашуубуз Кыргыз Республикасы менен Татарстандын ортосундагы кызматташууну өнөктөштүктүн жана достуктун жаңы деңгээлине алып чыгат деп терең ишенем.
Урматтуу Рустам Нургалиевич, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик жооптуу ишмердигиңизде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм",- деп айтылат президент Атамбаевдин куттуктоосунда.