16-сентябрда өкмөт башчы Темир Сариев мамлекеттик органдардын Коомдук кеңештеринин жаңыдан тандалган мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Жолугушууда Темир Сариев Коомдук кеңештер мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууда абдан маанилүү экенин белгилеп, бул ишке активдүү катышканы үчүн кеңеш мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирди.
"Коомдук кеңештердин бул жолку курамы былтыр кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик органдардагы Коомдук кеңештер” боюнча мыйзамынын негизинде куралды. Буга чейин көпчүлүгүңөр бул жаатта иштеп, өзүңөрдүн жарандык позицияңарды так айтып, оор учурда мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун көпүрөсү болдуңар. Эми жаңы мыйзамдын негизинде куралган кеңештер мамлекеттик органдардын ишин жактырууга салым кошот деген ишенимдемин”,- деди Темир Сариев.
Премьер-министрдин маалыматында, учурда 29 мамлекеттик органдын Коомдук кеңештери куралды, 7 органда тандап алуу жараяны уланып жатат.
Темир Сариев учурда өкмөт мамлекеттик органдардын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн атайын критерийлер иштелип жатканын маалымдады. Ошондой эле аткаруу бийлиги жарандык коомдун мамлекетти башкарууга катышуусун камсыз кылуу үчүн бардык шартты түзөрүн Темир Сариев кошумчалады.
“Мен премьер-министр катары өкмөттөгү ачыктыкты камсыз кылууга бардык аракетимди жумшайм. Бүгүнкү жолугушууга мамлекеттик органдардын статс-катчылары чакырылган. Аларга Коомдук кеңештер менен орган жетекчилеринин ортосундагы байланышты камсыз кылып, талкуу аянтын түзүү милдети жүктөлгөн”,- деди ал.
Жыйын жүрүшүндө Коомдук кеңештин мүчөлөрү бул жааттагы ишти жактыруу боюнча өз ой-пикирлерин айтышты. Ошондой эле мындай жолугушууларды бат-баттан өткөрүүнү сунуш кылышты. Темир Сариев бул пикирди колдоого алып, жылына эки жолу өзүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрүүгө макулдугун берди.