Бүгүн Баткенде милиция кызматкерлери үчүн кызматтык батирлердин ачкычы тапшырылат

Бүгүн, 17-сентябрда Баткен шаарында иштеген милиция кызматкерлери үчүн кызматтык батирлер берилет. Иш-чарага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышат.

24 турак үй 4 айдын ичинде курулуп бүткөн. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары үчүн кызматтык батирлерди куруу 2008-жылы башталып, бирок токтоп калган. Ушул жылдын апрель айында каражат бөлүнүп, июль айында турак үйдү куруу башталган. “Өлкөбүздүн башка аймактарынан Баткенге келип иштеген милиция кызматкерлери бар. Алар буга чейин батирлерде жашап келишкен. Бул жакта иштегенде ушул үйдө жашап турушат. Эгер жумушу боюнча башка аймакка которулушса, үйдү бошотушат. Азыркы тапта 24 батир курулуп бүттү. Муктаждык жаралса, экинчи турак үйдү курушубуз мүмкүн. Мамлекеттен 30 миллион сом бөлүнгөн”,- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан