Алмазбек Атамбаев: "Милицияны жамандай беришет, бирок башына кыйын иш түшсө, милицияга чуркашат"

Президент Алмазбек Атамбаевдин Баткен облусуна болгон иш сапары уланууда. Бүгүн, 17-сентябрда мамлекет башчы милиция кызматкерлери үчүн курулган кызматтык батирлерди тапшыруу иш-чарасына катышып жатат. 

Президент: “24 үй-бүлө үй-жайлуу болот. Батирлүү болуу ар бир адам үчүн чоң нерсе. Мен да убагында Москвада, Бишкекте батирлеп жүргөм. Бүгүнкү күндө бир канча үй курдук, абдан сүйүнүп жатам. Бишкекте да милиция кызматкерлери үчүн үй курулуп жатат. Баткенде, менимче, биринчи жолу атайын үй салынды. Мындан ары мамлекет өзүнүн тынчтыгын коргогондорго бүт шарттарды түзүп берет. 

Милицияны сындагандар көп. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, албетте, алардын арасынан да бирөө чыгат. Милицияны шыбай беришип, бирок өздөрүнүн башына кыйын иш түшсө, милиция деп кыйкырышат. Акчасы жок, үй-бүлөсү ачка болсо, ал көчөдө тапанча менен жүрсө... 

Бул ишти баштадым. Жаңы президент, жаңы парламент келсе, биз аларга жаңы стандартты коюп бердик. Убагында баштаган иштерибиз натыйжа берип жатат. Силер да кыйын шартта иштеп жатасыңар”,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан