"Датка-Кемин" энергетикалык долбоорунун аякташы менен энергетика тармагынын айрым кызматкерлери жана Кытай өкмөтүнүн айрым өкүлдөрү мамлекеттик сыйлык менен сыйланышты. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-сентябрда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти.
III даражадагы Манас ордени менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын башкы директору Медетбек Айткулов сыйланса, Данакер ордени менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И, Кытайдын соода министри Гао Хучен сыйланышты. Даңк медалы менен "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын Нарындагы филиалынын кызматкери Казыбек Көбөнбаев, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен КРнын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиев, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн бир катар кызматкерлери сыйланганы айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, "Датка-Кемин" линиясы быйыл августтун аягында ишке берилди. Жогорку чыңалуудагы бул чубалгы Жалал-Абаддагы 500 кВ кубаттуулуктагы "Датка" көмөк чордону менен Чүй аймагындагы "Кемин" көмөк чордонун байланыштырат. Чубалгы Камбар-Ата-1, 2 ГЭСтери аркылуу өтүп, узундугу 415 чакырымды түздү. Долбоор 2011-жылы башталып, ага жалпы 389 миллион 795 доллар сарпталганы айтылууда.