Бүгүн, 17-сентябрда биринчи вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашев журналисттер менен жолугушуп, шайлоо процесси тууралуу маалымат берүүдө. Вице-премьер парламенттик шайлоого аттанган партиялар таза шайлоо өткөрүүгө дале тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышканын белгиледи.
"Биздин маалыматтар боюнча, саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоочулардын добуштарын сатып алуу максатында алардын пинин, паспортунун көчүрмөсүн жана шайлоо тизмесинен текшергенден кийин берилчү чекти талап кылышууда. Бул нерсе партиялардын шайлоодо жеңишке жетүүсүнө эч кандай жардамын тийгизбейт, анткени чектердин номерлери шайлоо күнү жаңыртылып берилет. "Карусель" деген ыкма эми кайталанбайт. Шайлоочунун кимге добуш берип жатканы эч кимге көрүнбөйт, себеби шайлоо бюллетени купуя болуп, аппаратка көмкөрөсүнөн гана салынат",- деди Сарпашев.