16-октябрда Казакстандын Бурабай кыштагында Евразиялык жогорку экономикалык кеңешине мүчө мамлекет башчыларынын жыйыны өттү.
Президенттик аппараттан билдиришкендей, Евразиялык экономикалык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелери талкууланган Евразиялык жогорку экономикалык кеңешинин мамлекет башчыларынын тар чөйрөдөгү жыйынынан кийин жолугушуу кеңири форматта улантылды.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусуна жана бул кадамдын натыйжалуулугуна байланыштуу маселелер талкууланганын белгиледи. “Тар чөйрөдөгү жыйында Орусия жана Казакстан Кыргыз Республикасы менен чек арада абдан кылдаттык менен иш жүргүзүп, өлкөнүн эли ЕАЭБ кошулуудан пайда болорун сезгидей жумуштарды жасашат деген чечим кабыл алынды”,- деп баса белгиледи Лукашенко.
Кеңири курамдагы жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчылары ЕАЭБ менен Евразиялык экономикалык комиссиясынын башка өлкөлөр менен өз ара аракеттенишүүсүнүн тартибин аныктаган бир катар документтерге кол коюшту.
Андан тышкары кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитишти. Ал тизменин негизинде ЕАЭБ кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү рыногун калыптандыруу либерализациялоо боюнча пландарга ылайык ишке ашырылат.