Бүгүн мурунку президент Курманбек Бакиев кыргыз мамлекети тууралуу жазган китебинин бет ачарын өткөрөт

Бүгүн, 22-октябрда өлкөбүздүн мурунку президенти Курманбек Бакиев Кыргыз Республикасы тууралуу жазган китебинин бет ачарын өткөрөт. Бул тууралуу Беларустун Улуттук пресс-борбору кабарлайт. 
Маалыматка ылайык, китеп "Боль, любовь и надежда: мой Кыргызстан" деген аталышта чыгат. Бет ачар аземинде К.Бакиевдин чогулгандар алдында сөз сүйлөп, китеп тууралуу айтып берери күтүлүүдө. Китепте саясий окуялар камтылганын китептин аталышынан улам байкаса болот. 
Кошумчалай кетсек, 2005-жылдан 2010-жылга чейинки аралыкта өлкөнү башкарган Бакиев учурда Беларуста жашайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан