Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Сотто "Республика-Ата Журт" партиясынан депутаттыкка талапкер
Аида Исмаилованын атынан мандаттан баш тартуу тууралуу жасалма арыз боюнча соттук отурум өтүүдө.
А.Исмаилованын жактоочусу соттук отурумдун жүрүшүндө БШКнын өкүлүнөн тизмеден чыгарылган талапкерлердин арыз бергени тууралуу колу коюлган журналды, БШКнын жыйындарынан тартылган видеожазууларды сурады. Ошондой эле А.Исмаилованын колу арызда коюлган кол менен дал келбестигине далил катары соттук экспертизанын жыйынтыгын судьяга көрсөттү. Ал эми БШКнын өкүлү Рашид Бекбасаров тизмеден чыккандардын колу коюлган журнал жүргүзүлбөгөндүгүн айтты.