ИИМ менен УКМКнын башчылары президентке түрмөдөн качкан кылмышкерлер жок кылынганын айтып беришти

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-октябрда ички иштер министри Мелис Турганбаев менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Жолугушууда аталган органдардын башчылары түрмөдөн качкан кылмышкерлерди кармоо ишинин аякташы тууралуу маалымат беришти. Алар изделип жаткан бардык кылмышкерлер жок кылынганын айтышты. 
Алмазбек Атамбаев кечээ Достук кичи районундагы атышууда каза тапкан ИИМдин кызматкеринин жакындарына көңүл айтып, анын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүүгө жарлык чыгарганы айтылды. 
Президент дүйнөдө терроризм коркунучу күчөп турган кырдаалды эске алуу менен өлкөнүн бардык күч түзүмдөрү түрдүү чакырыктардын мизин кайтарууга даяр турушу керектигин белгиледи. Укук коргоо органдарында иштегендердин кесипкөйлүгүн жогорулатуунун үстүнөн иштеп, атайын операциялар учурунда катардагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүү зарылдыгын айтты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан