Суусамыр өрөөнүнөн чыккан алп балбан Кожомкул Кааба уулу тууралуу китеп жарык көрдү. Балбандын замандаштарынын эскерүүлөрү, тарыхчылардын гезит-журналдарга жарыялаган макалалары, сүрөт баяндар жана ырлардан турган китепти анын чөбөрөсү Орозалы Кожомкулов түзүп чыккан.
О.Кожомкулов кабарлагандай, китепте анын кара күчкө ээ балбандык чеберчилигине салыштырмалуу инсандык касиеттерине, журт башкарган жөндөмүнө басым жасалган.