Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда эки автоунаа кагылышып кетти. Бул тууралуу 1-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Ош-Бишкек жолунун 284-чакырымында болгон. Анда ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаа менен Ауди-100 үлгүсүндөгү автоунаа кагылышып кеткен. Натыйжада экинчи унаанын айдоочусунун кабыргасы, 1963-жылы туулган М.Момуналиев аттуу жүргүнчүнүн буту сынып, ооруканага жеткирилишти.