Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери адамга бычак менен кол салган жигитти издеп жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-январда милицияга Жалал-Абад шаарынын эки тургуну - "Мата" фабрикасынын күзөтчүлөрү кайрылып, азиат улутундагы белгисиз бала аларды бычак менен бир нече жолу сайганын айтышкан. Милиционерлер окуя болгон жерге барышып, төмөнкү фактыларды аныкташкан: 1-январга караган түнү шаардын Спутник кичи районунда ууру төрт унаанын эшигин ачкан. Таңкы саат 04:00 чамасында жергиликтүү тургун өзүнүн унаасынын жанынан белгисиз жигитти байкап калган. Аны кармоо учурунда жигит бычак колдонуп, жабырлануучунун бутуна сайган. Андан соң ал качып баратып фабриканын аймагынан күзөтчүлөргө карата бычак колдонгон.
Учурда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жигитти издеп жатышат. Анын мурда кафеде самса жасап иштегени белгилүү болду.