Акыйкатчы институту мурдагы омбудсмен Турсунбек Акунду 299 644 сом төлөтүү максатында соттошуп жатат. Соттук отурум 26-январда өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, Турсунбек Акун 2008-2013-жылдары акыйкатчы болуп иштеп турганда 7 кызматкерди кызматтан алган. Кызматкерлер сот аркылуу кайрадан жумушка орношуп, иштебей бош жүргөн убакыт үчүн Акыйкатчы институтуна компенсация төлөтүшкөн. Натыйжада 7 кызматкерге 1 миллион 608 366 сом төлөнүп берилген.
"Өткөн жылдын 27-апрелинде бул окуя боюнча Т.Акундун үстүнөн арыз жазылган, бирок ал соттук процесстерге келбей, соттук отурум болбой келген. Биринчи соттук отурум Свердлов райондук сотунда декабрда каралды. Ал бир кызматкерге компенсация катары берилген акча каражатын (299 644 сом) төлөп бериши шарт. Негизи, үч жыл аралыгында арыз жазуу керек экен. Эскирүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 6 кызматкерге төлөнгөн каражатты кайтарууга мүмкүн эмес экен",- деп билдирет мекеменин басма сөз кызматы.