Казакстанда 100 килограммга жакын марихуана алып жүргөн кыргыз жараны кармалды

Казакстандын Петропавловск шаарында жалпы салмагы 100 килограммды түзгөн марихуана менен өлкөбүздүн жараны кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

"Петропавловск шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде саат 22:00 чамасында унаа токтотулган, анын ичинде эки адам болгон. Рулду жергиликтүү тургун башкарып, ал эми унаанын артында 48 жаштагы Кыргыз Республикасынын жараны отурган. Унааны кароо учурунда анын ичинен үч кара түстөгү сумка табылып, андан салмагы 96 килограмм 790 граммды түзгөн марихуана чыкты",- деп айтылат маалыматта.

Учурда марихуана кайдан алынып келингени жана кандай максат менен алынганы аныкталууда. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
diamond-901512
2016-01-06 21:22:12
ваще дерскийго ошончо марихуана менен коркпогон)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан