Баңгизатын сатууга шектелип 2 жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну кармалды

Баңгизатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында маңзат сатууга шектелип 2 жылдан бери издөөдө жүргөн Баткен облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу 6-январда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин 26 жаштагы жаран "ири көлөмдөгү баңгизатын мыйзамсыз сактоо, сатуу, ташуу" беренеси боюнча айыпталып, ага карата кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатканда ал эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылып, укук коргоо органдары менен кылмыштын бетин ачуу боюнча тыгыз иштеше баштаган. Бир нече убакыттан кийин изин жашырып кеткенде ага 2014-жылдын сентябрь айында издөө жарыяланган. Азыркы тапта кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан