Ошто 63 жаштагы улгайган аялды зордуктап, тоноп кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда SUPER.KG порталына Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 26-декабрь күнү белгисиз жарандар медициналык бет каптарды кийип алып Оштогу үйлөрдүн бирине кирип, 63 жаштагы аялдын буту-колун байлап, зордуктап, анын 10 миң сомун жана алтын буюмдарын алып кетишкен.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 18 жаштагы тургуну жана 35 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.