Кара-Кулжа районунда кароосуз калган эски устакананын ичинен табылган баланын энеси бүгүн, 10-март күнү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз бөлүмүнөн SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалым болгондой, аталган устакананын ичинен 6-март күнү жергиликтүү тургундар ымыркай таап алышкан. Бул тууралуу жергиликтүү милиция кызматкерлерине билдиришип, баланы аймактык медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Азыркы тапта баланын абалы жакшы.
Факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада милиция кызматкерлери баланын энесин кармашты. Ал Ноокат районунун 28 жаштагы тургуну экени аныкталып, 25-февралда төрөгөн баласын таштап кеткенин моюнуна алган. Кармалган келиндин буга чейин күйөөгө чыгып, ажырашып кеткени маалым болгон. Учурда “наристени коркунучка калтыруу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.