"Бишкектеги ресторандардын биринен баалуу жабдыктарды уурдады" деген фактыга шектүү кармалды

"Бишкек шаарындагы ресторандардын биринен баалуу жабдыктарды уурдады" деген шек менен шаар тургуну кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечээ, 10-март күнү Бишкек шаарынын 26 жаштагы И.С. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар ресторандардын биринен баасы 620 долларга бааланган жабдыктарды уурдап кетишкенин айткан. Аталган фактыга шектүү катары 21 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, тергөө иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан