Борбор калаада баңгизат менен шаар тургуну кармалды

Борбор калаада баңгизат менен шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында 28-мартта саат 21:30 чамасында Кривоносов көчөсүнөн 27 жаштагы Ю.Э. аттуу шаар тургуну кармалган. Тинтүү учурунда анын оң тарабынан жерден 3 даана төрт бурчтук формасындагы гашиш табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2016-03-30 17:54:50
Базар жок 3-короб
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан