Бишкекте шаар тургунунан жалпы баасы 559 миң сомдук товар алып, акчасын бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 39 жаштагы К.С. аттуу жашоочусу чала таанышы 559 миң сомдук товарды алып, акчасын бербей качып кеткени тууралуу арыз менен кайрылган.
"Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин негизинде Бишкек шаарынын тургуну, 39 жаштагы К.В. аттуу аял кармалган. Кармалган адам учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.