Түндүк Кореяда суу каптоодон 133 адам каза болуп, 395 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, суу каптоодон улам Хамгён-Пукто провинциясы зыянга учураган. Аталган аймакта 10 миңдеген турак үйлөр талкаланган. 107 миңге жакын жергиликтүү тургундар турак жайынан ажырап, өлкөнүн коопсуз жерлерине көчүп кетүүгө аргасыз болушкан.
Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келтирилген чыгымдарды эсептешүүдө.