Бишкек-Ош унаа жолунда токтоп турган унаа белгисиз себептерден улам күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Кырсык бүгүн саат 14:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 243-чакырымында болгон. Анда жолдун четинде турган жол тандабас белгисиз себептерден улам күйүп кеткен. Окуя болгон жерге Токтогул райондук өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, өрттү өчүрүшкөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.