Москвада 14 кыргыз жаранынын өмүрүн алган өрт боюнча басмакананын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда орусиялык басылмалар Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
“Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Антон Яцков менен байланышууга мүмкүн болгон. Мындан улам ал укук коргоо органдарына келүү чечимин кабыл алган, бирок ага коюлган күнөөлөр негизсиз экенин айтууда”, - деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.
Буга чейин "Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин укук коргоо органдарына өзү келип, күнөөсүн мойнуна алган. Кийин ал эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.
Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан. Мындан улам “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцковго “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган эле.