Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 4, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Көл облусуна караштуу Бактуу-Долоноту айылынын четинде 50 тонна чөп, 0,5 куб дөңгөч, 9 дөңгөлөк күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр 5 куб тактай, 300 түк чөптү сактап калышкан. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан