Бүгүн, 14-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин ишин карады. Анда кылмышка шектүү Айдай Субанова сурак берип, тергөөдө берген көрсөтмөсүн өзгөрттү.
Ал сот отурумунда: “Ошол күнү балдар менен үйдө болчумун, эшик ачылып-жабылганынан ойгонуп кеттим. Коридорго чыксам бардык жер кан экен. Анан бычак көтөрүп, кара футболка кийген адам келди. Ал “күйөөңдү көрөм десең унчукпа, эртең адамдар келгенде алар айткандай кыл” деди. Биринчи эле балдарымды ойлоп, апамдын үйүнө кетип калгам. Кайра келсем бир нерсе издешкенби, айтор, үй чачык экен”, - деди.
Ошондой эле ал белгисиз аял пакеттерди берип, тиешелүү даректерге таштап келишин талап кылганын айтты.
Ал эми эмнеге мурда башкача көрсөтмө бергенин: “Алгач жактоочулар ушундай көрсөтмө беришимди сунуш кылышкан, бирок мен күйөөмдү өлтүргөн эмесмин. Башынан эле ошентип айтып келе жатам”, - деп түшүндүрдү.
Кийинки сот отуруму 23-сентябрда уланат.
Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун А.Субанова аттуу аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.