Бишкекте уурулукка шектелген 18 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 25 жаштагы кыз кайрылып, чала тааныш кыз зер буюмдарын жана ноутбугун уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Н.Н. кармалган.
“Ал алгач жабырлануучунун үйүнө ата-энеси кууп жибергенин, акчасы, жашаганга үйү жок экенин айтып келген. Жабырлануучу аны аяп үйүнө киргизип алган, бирок көп өтпөй тиги кыз алчусун алып качып кеткен. Башында Балыкчы шаарына барып, кийин Нарын облусунда жашырынып жүргөн”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.