Бишкекте алдамчылык фактысына шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын 34 жаштагы А.Т. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул жылдын апрель айында Р. аттуу жаран "Ош базарында" анын ишеничине кирип, "виза ачып берем" деген шылтоо менен 2 миң доллар акчасын алып, алдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Ленин РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 48 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.