Сокулукта тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам 60 жаштагы жаран күйүк алды

Сокулукта тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 30 даана бал челек күйүп, 60 жаштагы жаран күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"Туз айылында ЗиЛ үлгүсүндөгү унаа жана 30 даана бал челек күйүп кеткен. Ошондой эле 60 жаштагы Юрий М. аттуу жаран 2-даражадагы күйүк алган. Жабырлануучу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам келип чыккан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан