Чүй облусунда сууга чөгүп кетип, 2 айга жакын убакыттан бери изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 18-июлунда Ала-Арча капчыгайындагы сууга 1976-жылы туулган Мурат Калбаев чөгүп кеткен. Издөө иштеринин алкагында аталган жарандын денеси 9-сентябрь күнү саат 09:30дар чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан табылып, туугандары тарабынан өздүгү аныкталган.