“Манас” аэропортунда 25 жаштагы кыз башка адамдын паспорту менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Манас" аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында Стамбул-Бишкек каттамындагы №6776-рейсти каттоо учурунда 25 жаштагы кыз кармалган. Ал “башка адамдын паспорту менен мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө аракет кылган” деп айыпталууда.
Учурда кармалган кыз 1991-жылы туулган К.А. аттуу кыргыз жараны экени аныкталып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.