Ошто эл аралык террордук топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, “Жоннат Ошиклари” эл аралык террордук уюмунун активдүү мүчөсү, 1981-жылы туулган Н.Х. 13-сентябрда жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде кармалган. Анын уюлдук телефонун текшерүү учурунда жогоруда аталган уюмдун жетекчиси Абу Салохтун идеяларын колдоого жана үгүттөөгө багытталган аудиожазуулар табылган.
“Кармалган адам аудиожазууларды таркатуу максатында сактап жүргөнүн билдирген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалды”, - деп айтылат Ош ШИИБинин маалыматында.