Ош шаарында мас абалында "Тез жардам" кызматынын унаасынын айнегин талкалаган эки жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен "Тез жардам" кызматынын айдоочусу кайрылган. Анда ал 14-сентябрда таңкы саат 04:25 чамасында мас абалдагы белгисиз эки жаран “Тез жардамдын” унаасынын алдынкы айнегин талкалап салганын билдирген. Кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Нурлан К. жана 30 жаштагы Жеңиш С. аттуу жарандар кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.