Бишкекте 27 жаштагы шаар тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
“14-сентябрь күнү Арча-Бешик жаңы конушунун 27 жаштагы А.У. аттуу тургуну күбөлөрдүн көзүнчө текшерүүгө алынган. Анда анын кийип жүргөн жынсы шымынын чөнтөгүнөн ширеңкенин кутучасы табылган. Кутучанын ичинен жашыл-күрөң түстөгү 13,8 грамм гашиш табылган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат Бишкек ШИИББинин маалыматында.