Бишкектеги кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаран изделүүдө

Бишкектеги кафелердин биринен мас абалда кыздарды ур-токмокко алган жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 22-августта борбордогу кафелердин биринде орун алган. Анда мас абалдагы болжол менен 55-60 жаштагы Мирлан аттуу киши кафенин кардарларына тийишип, терс жооп алганда аларды ур-токмокко алган.

Социалдык тармактарга жабырлануучулардын бири төмөнкүлөрдү жазып, аларды сабаган кишини табууга көмөктөшүүнү суранган: "Биз курбумдун туулган күнүн белгилеп жатканбыз. Видеодогу киши алгач кафедеги кыздарга тийише баштады. Кийин бийлеп жаткан кыздарга да тийишүүгө өткөн. Биз даараткана жакта турганыбызда ал өтүп баратып менин денемди кармалап өттү. Мен, албетте, өз абийиримди коргоого аракеттендим, бирок жаман сөздөрдөн башка эч нерсе уккан жокмун. Ал "эртең сени таап, өлтүрөм" деп айтты. Ошондон кийин ортобузда мушташ чыкты. Күзөт кызматы аны сыртка чыгарып, үйүнө кетирип жиберген. Натыйжада менин баш мээм чайкалып, курбумдун мурду, кулагы жабыркаган. Арадан бир ай өттү, бирок эч кандай жылыш жок. Мындай жоруктар жөн калбашы керек, ал өз жазасын алууга тийиш!"

Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди. "Жабырлануучулардын бири милицияга арыз менен кайрылган. Экинчи жабырлануучу соттук-медициналык экспертизадан өткөнү боюнча тиешелүү документтерди алып келип тапшырды. Учурда видеодогу жаранды издөө иштери жүрүүдө. Илинчектер бар, аз убакыттын ичинде ал кармалат", - дейт ал.

Эркек кишинин колу кыздарга кантип көтөрүлдү экен?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
COPITAL
2016-09-16 12:12:21
ХХХ болуптур
+7
admin_portal
2016-09-16 12:20:40
COPITAL, этика нормаларын сактаңыз!
-13
aiza9675
2016-09-16 12:14:07
Туулган кун откоруш каякка откорот оздорунун иши! Биздин эмне ишибиз бар?!
-11
Komrad
2016-09-16 12:16:24
Кыздар ар кандай эркектер болот, мушташып анан териштирип журбой, мушташпаш керек. Алынар жетпесе да, адырандаган немекенсинер. Андай чөйрөдө алыс туруп сак болуш керек. Азыр союздун мезгили эмес.
+15
ekaterinburg
2016-09-16 12:20:00
ХХХ ХХХ ХХХ койгон бейм да...
+1
admin_portal
2016-09-16 12:24:10
ekaterinburg, этика нормаларын сактаңыз!
-10
bema_bema
2016-09-16 13:25:56
Тообо кылдым маска тенелбей эле кетип калбайсынарбы,"мастан жинди качып кутулулуптур"деген соз бар.Мас киши менен кошо мушташканынарды коруп бул жакта туруп мен коркуп кеттим качан бироону олтуро коёт экен деп.Кыз балдар эркек менен разборкада жургон жакшы эмес.
+14
nazgul90
2016-09-16 13:29:35
Рас еле болуптур туну мн кафелеп жургуло анан кыз башынар мн уйдо еле олтурбайсынарбы аял деген нааамга татыктуу болгулачы кыздар ай.
+11
urmat-87
2016-09-16 14:07:05
кысып эле отурушбайбы кыз башы менен балээ барбы түнү кефеде жат үйдө үйдө деле тосо бер тууган кунүңдү
+7
kaniulia
2016-09-16 14:08:11
Азыркы кыздар аман эле болсун кордунорбу эркеке жулунуп жатканын туура кылыптыр мен да ошону кылмакмын. Кыздар чычалабагыла беш кол тен эмес аранарда ыймандуу да бардыр.
+8
admin_portal
2016-09-16 14:39:28
KG.Kushtarbek, Artyr1994, omurbek1990, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат!
-8
Kunbeken
2016-09-16 14:56:22
Карып калган эле киши экен го неберелерин эркелетип жылуу жумшак келиндин колунан чай ичип сыйлуу тордо олтурса болмок. Карыганда калжандап кызы менен тен кыздарга тийишип кафеде журбой. Кучунуз батпай ашып ташып баратса бой без провилге катышын. Мынтип "кыздардын атаманы" болуп атагыныз чыкыча 60жаштагы спортсмен деп атагыныз чыкмак. Кыздар деле периште эмес го мушташкан менен мушташам, тиштешкен менен тиштешем ,атам, апам менен тенби,маспы мени кызыктырбайт деген кыздар го.
-3
nasaat
2016-09-16 14:58:09
Кызды кырк үйдөн тыюу деген ошол.
+5
Izdeim_seni.
2016-09-16 16:34:38
Таш доордо жашап жургондой коммкнт калтырыпсынар. Кай жерде эс алса аддам озу билет. Эч кимдин акысы жок кыздарды сабаганга
-11
nur_92
2016-09-16 20:25:27
Молодец мужик тура кылыптыр кыз болгондон кийин уйдо олиуруш керек тун жарымда бок барбы кафеде
+4
Arslan12
2016-09-16 23:54:46
nur_92,Дагы бастырыш керек эле,охрана бираз келбей турса болмок э
+2
admin_portal
2016-09-19 12:51:19
Bekbolotovich, этика нормаларын сактаңыз!
-1
Aikyn93
2016-09-21 10:50:41
жакщы болуптур ушуну корушмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан