Базар-Коргон районунда экстремисттик уюмдун активдүү мүчөлөрү жашаган 3 турак үй тинтүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
"Тинтүү иштери бүгүн жүргүзүлдү. Ага укук коргоо органдарынан сырткары үй ээлеринин кошуналары, жакын туугандары, жергиликтүү айыл башчылары катышты. Анда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрү жана үгүтчүлөрү жашаган 3 турак үй тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында диний кастыкты козутуучу аудиомаалыматтар, китеп, үгүт баракчалары табылды. Учурда алынган материалдар боюнча соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында.