Кара-Суу районунда унаа уурдоого шектелгендер кармалышты

Кара-Суу районунда унаа уурдоого шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-сентябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1993-жылы туулган К.М. аттуу жаран кайрылып, белгисиз адам унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.К. жана 1985-жылы туулган Б.Б. кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан