Нью-Йорк шаарынын Челси аймагында 17-сентябрь күнү кечинде жардыруу орун алды. Жыйынтыгында 29 адам түрдүү татаалдыктагы жаракаттарды алышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын көбү ооруканага жеткирилген. Алардын биринин оор абалда экени маалым болду.
Азырынча таштанды челеги, курулуш шаймандары салынган ящик жарылганы тууралуу маалыматтар айтылууда. Шаар мэри бул атайын жасалган акт экенин айтты, бирок тергөөчүлөр терроризмге байланыштуу далил таба элек.