Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталып, Араван районунда 3 тонна чөп, 6 тонна саман күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Пахта-Арал аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда жыгач устундуу, шифер жабылган 84 чарчы метр бастырманын чатыры, 3 тонна чөп, 6 тонна саман күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна 4 жаштагы баланын от менен ойногону себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-09-19 11:00:16
Качантан бери чөптү тонна менен эсептеп калдык эле ?
Бул маалыматты берген кишинин өлчөмгө болгон көз карашы заманбап болуп жатабы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан