Баткен облусунда мал кайтарып жүргөн өспүрүм 17 жаштагы шеригин атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG порталына аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 14-сентябрь күнү орун алган. Анда Кыштут айылынын 2001-жылы туулган тургуну мал кайтарып жүрүп 1999-жылы туулган шеригин ТОЗ-8 үлгүсүндөгү курал менен атып алган.
"Бул факт боюнча "мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Жабырлануучу учурда Бишкекте дарыланууда", - деди Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынын катчысы Дамира Юсупова.