Ош облусунун Жаңы-Арык айылындагы үйлөрдүн бирине уурулар кирип, 3 алтын шакек, 60 миң сом жана 60 миң рубль уурдап кетишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 41 жаштагы тургун кайрылып, уурулук боюнча кабарлаган. Бул факт боюнча "уурулук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында 26 жаштагы эки адам кармалган. Алар Ош шаарынын тургундары экени аныкталды. Тергөө амалдарды уланууда.