“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Ак-Жол унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү жайында тууганынын паспорту менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 19-сентябрда болгон. Анда 1992-жылы туулган Ж. уулу Ж. тууганына тиешелүү паспорт менен Казакстанга өтүүгө аракет кылган.

“Кыргыз жаранынын айтымында, ал паспортун жоготуп алып, тууганынын паспортун алып жүргөн. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган адам УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан