Ысык-Көл облусунда өз атасын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя август айынын аягында Ак-Суу районундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда мас абалда үйүнө келген 30 жаштагы жаран өз атасын зордуктаган.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - дейт Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын катчысы Сталбек Усубакунов.