Сокулук районунда “дүкөндү карактаган” деп шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 27-январында болгон. Анда белгисиз бет капчан адамдар Сокулук районундагы дүкөндөрдүн биринде 47 жаштагы сатуучуну жана анын 18 жаштагы кызын коркутуп, 4500 сом акча каражатын, 4 бөтөлкө сыра алып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Я.Т. жана 20 жаштагы Д.Р. кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.