Өлкөнүн түштүгүндө жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын негизинде мыйзамсыз сакталган 4 ок атуучу курал жана ок-дарылар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында 47 жаштагы Б.М. аттуу жарандын башкаруусундагы Нива үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичин кароо учурунда ИЖ-17 үлгүсүндөгү ок атуучу курал жана ок-дарылар табылган. Ошол эле күнү Баткен районунун 26 жаштагы Ш.А., 27 жаштагы А.Ш. жана А.А. аттуу тургундарынан дагы ТОЗ-8 ок атуучу куралы алынган.
Учурда тиешелүү материалдар аймактык милиция бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.