Бишкектеги Махатма Ганди көчөсүндө табылган колго жасалган жарылуучу заттар зыянсыздандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 21:30 чамасында 102 кызматына "Махатма Ганди-Первомайский тар көчөсүндөгү муниципалдык дүкөндүн жанында шектүү кара түстөгү целлофандар жатат" деген маалымат түшкөн. Аталган дарекке барган УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери 2 целлофандан колго жасалган жардыруучу заттарды табышкан, жакынкы аймактан адамдар коопсуз жайларга чыгарылып, аймак курчоого алынган. Сапёрлор колго жасалган жардыруучу заттарды зыянсыздандырышкан.
"Жабыркагандар жок. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Улуттук коопсуздук комитети, эгер сиздер шектүү нерселерди көрсөңүздөр, бул тууралуу УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө тез арада билдирүүнү өтүнөт. Байланыш телефондору: (0312) 66-04-75 же "102" кызматы", - деп айтылат маалыматта.